Бугу 20, 2024
Убакыт: 12:53
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев 23 жаштагы келиндин өлүмү боюнча үн катып, кыз-келиндерге кайрылды

12.01.2024 11:13
406
Камчыбек Ташиев 23 жаштагы келиндин өлүмү боюнча үн катып, кыз-келиндерге кайрылды


УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Кадамжайдагы 23 жаштагы келиндин өлүмү боюнча үн катып, социалдык тармактагы баракчасы аркылуу кыз-келиндерге кайрылды.


"Кадамжай районунда күйөөсүнүн токмогунан каза болгон 23 жаштагы келиндин тагдыры өтө аянычтуу болду. Урматтуу кыз-келиндер, эгерде сиздерге зордук-зомбулук көрсөтүлүп жатса, тез арада ар бир райондо жайгашкан УКМК кеңселерине барыңыздар. Энелерди, аялдарды, кыз-келиндерди сактап, коргоп жана жардам берүүгө милдеттүүбүз. Эне бар, үй-бүлө бар, мекенибиз болот!", — деп жазган ал.


Эске салсак, Баткен облусунун Кадамжай районунда муунтулган келиндин сөөгү көчөдөн табылып, кылмышка шектүү катары күйөөсү кармалган. 


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн