Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев АКШнын элчиси Дональд Лунун билдирүүсүнө жооп берди. Бул тууралуу Ташиев жергиликтүү медиалардын бирине билдирген.
"АКШ бул билдирүүсү менен экинчи жолу ушундай багытта билдирүү таратып жатат. Биз укуктук өлкөбүз коррупция менен күрөшүүнү токтотпойбуз. Башка өлкөлөр да биздин мыйзамсыздык менен күрөшүбүздү баалаганы жагымдуу көрүнүш. Анткен менен АКШнын мындай билдирүүсү сөз жүзүндө калып жатат. Кыргызстанда оор коррупциялык кылмышка айыпталган Аскарбек Шадиев АКШда ээн-эркин ишкерлик менен алектенип жүргөнүн билебиз.
АКШ билдирүүсүнө ылайык аны өткөрүп берсе, натыйжа болмок. Эгер аны кармоого шарт түзүп берсе, мен өзүм барып кармап келмекмин" ,- деди Ташиев.
Пикирлер (4)