Бугу 20, 2024
Убакыт: 00:40
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев Аксыдан селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

13.07.2021 20:01
973
Камчыбек Ташиев Аксыдан селден каза болгондордун жакындарына көңүл айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Аксы районунда селдин кесепетинен каза болгондордун жакындарына көңүл айтты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



"Урматтуу Аксылык бир туугандарым, айттырбай келген, адам өмүрүн алган табият кырсыгын терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кудайым каза болгон бир туугандарымдын жакындарына кайрат берсин.


Мындай оор учурда жаныңыздарда болбогонума өкүнөм. Жакынкы аралыкта сөзсүз сиздер менен жолугушабыз.


Сиздерге кайрат тилеп, терең урматым менен Камчыбек Ташиев",- деп жазылат Ташиевдин сөзүндө.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн