Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 22:50
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камчыбек Ташиев менен Дастан Бекешев парламентте кайым айтыша кетти

13.10.2021 13:24
983
Камчыбек Ташиев менен Дастан Бекешев парламентте кайым айтыша кетти

Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер кабинетинин жаңы курамын бекитүүдө депутат Дастан Бекешев менен Камчыбек Ташиевдин ортосунда келишпестик чыкты.


Дастан Бекешев УКМКнын төрагасын тойдо Райымбек Матраимов менен чогуу жүргөнүн айтып чыкты.


Ал эми Камчыбек Ташиев Дастан Бекешевге негиздүү сунуштарды берүүнү суранды.


"Дастан Далабайевич, биз бир жылда 7 жарым миллиард сом бюджетке төктүрдүк. Буга чейинки 10 жылда болгону 5,9 миллиард сом түшкөн.


Биз керек болсо баарын кустурабыз. Эгер сиз мыйзамсыз иш кылсаңыз сизге дагы кылмыш ишин козгойбуз. Мен тойго барсам болбойбу? Кыргыз Куран окутууга, тойго чакырса барат. Ал жерде Матраимов менен бир столдо отурган жокмун. Сөз сүйлөп кеттим",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн