Бүгүн, 23-январда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Болот Темировдун кармалышы тууралуу маалымат жыйын өткөрүп жатат.
Ташиевдин айтымында, иликтөөчү журналист Болот Темиров журналисттик аракети үчүн кармалган жок.
"Журналист Болот Темиров мага байланыштуу жүргүзгөн иликтөөсү карандай калп. "Регион Ойл" сыяктуу мунай сатуучу ондогон фирмалар бар. Ал фирмаларга "Кыргызнефтегаз" ишканасы бирдиктүү баа киргизет. Алар мисалы үчүн 5 сомдон алган мазутту экспорттогондо 20 сомдон сатышы мүмкүн. Бул алардын иши.
Эмне үчүн биз мындай бизнести колдобошубуз керек. Ал мамлекетке пайда алып келип жатат",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн