Бугу 09, 2024
Убакыт: 03:32
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө УКМКнын кызматкерлерине курулган үйдүн ачылышына катышты

03.11.2021 17:40
811
Камчыбек Ташиев Ысык-Көлдө УКМКнын кызматкерлерине курулган үйдүн ачылышына катышты

 


Инфраструктураны өркүндөтүү жана куруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралардын алкагында, УКМК кызматкерлери үчүн тийиштүү шарттарды түзүү боюнча иштер улантылууда. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылында 4 батирлүү кызматтык үйүнүн курулушу аяктап, 2021-жылдын 3-ноябрында пайдаланууга берилди.


Көрсөтүлгөн квартираларды пайдаланууга берүү аземинде Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – КР УКМК төрагасы К.К.Ташиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү М.К.Кожоев, Жети-Өгүз райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Р.М.Мейматкулов, мамлекеттик комитеттин кызматкерлери жана ветерандары катышышты.


Кызматтык үйлөрдүн курулушун подрядчы «Мега Профит» ЖЧКсы жүргүздү.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн