Чын курандын 28, 2024
Убакыт: 03:53
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.945
0.970

Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда дарылардын баасын 10 эсе кымбат саткан фарммафиялар аныкталды

26.09.2021 07:49
725
Камчыбек Ташиев: Кыргызстанда дарылардын баасын 10 эсе кымбат саткан фарммафиялар аныкталды

Кыргызстанга алынып келинген дарылардын баасын 10 эсеге чейин кымбаттатып саткан фармацевтикалык фирмалар аныкталды. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Алай районунда УКМК кызматкерлери үчүн жаңы салынган имараттын ачылыш аземинде билдирди.


Анын айтымында, фарммафиялар тууралуу маалымат коомчулукка кенен берилет.


"Биз Кыргызстанга дары-дармек ташып саткан фармацевтикалык фирмалар менен дарыгерлердин мафиясын аныктадык. Алар дарыгерлер менен келишим түзүп алып, дарынын баасын 2 эседен 10 эсеге чейин кымбаттатып саткан. Бул боюнча кенен маалымат дагы берилет",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн