Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:46
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Камчыбек Ташиев: Орхан Инанды сырты жалтырак, ичи калтырак адам

08.07.2021 16:23
1141
Камчыбек Ташиев: Орхан Инанды сырты жалтырак, ичи калтырак адам

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев  Орхан Инандынын уурдалышы боюнча бир нече суроолорго жооп берди.



"Урматтуу журналисттер, силер Орхан Инандыны кыргыздын жараны менен салыштырбагыла. Ал башка элде жасаган кылмыштары үчүн жооп берип жатат. Ал башка мамлекетте террордук кылмыш кылып, анан биздин мамлекетке келип отуруп калган. Ал Кыргыздын жарандыгын алганы боюнча кылмыш иши ачылган, ал биздин жарандыкты алгандан кийин Түркиянын жарандыгын тапшырышы керек эле, аны тапшырган эмес, Түркиянын паспортун пайдаланып жүргөн да. Кыргызда мындайды "сыртынан жалтырак, ичинен калтырак" деп коёт. Сыртынан Кыргыздын жаранымын деп жүргөн дагы, ичинен Түркияда абал өзгөрүп кетсе, кайра ошол жакка кетип калам деген ой менен жүргөн", - деди Ташиев.


Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн