Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 07:28
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев Оштогу окуя боюнча кайрылуу жасады (видео)

01.09.2023 10:54
252
Камчыбек Ташиев Оштогу окуя боюнча кайрылуу жасады (видео)


Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиев Ош облусундагы "Төлөйкөн" ипподромундагы баш аламандыкка байланыштуу кайрылуу жасады. Ал мушташка катышкандардын баары, анын ичинде чагымчылар да жазаланарын билдирди.


Анын айтымында, «Достук» (Ош) жана «Ынтымак» (Талас) командаларынын оюнун айрымдар жаңжалга айлантып жиберишти.


«Эл провокаторлордун аракетине жыгылып, эмоциянын негизинде баш аламандык уюштурууга аракет кылышкан. Бирок биз кыргыздар ынтымактуу болуп, өлкөдө тынчтыкты сакташыбыз керек. Бул спорт, оюн. Бул жерде бирөө жеңилет, бирөө жеңет. Жеңилгендер эмоцияга алдырбашы керек. Укук коргоо жана коопсуздук кызматкерлерине тапшырмаларды берди. Окуя болгон жерден тартылган бардык видеолор изилденип, бардык баш аламандыкка катышкандарга мыйзам чегинде чара көрүлөт. Бул жөн эле калбайт”, - дейт Камчыбек Ташиев.


Ал кыргыз элин аймактарга бөлүнбөөгө чакырды.


«Оштон, Таластан, Ысык-Көлдөн болосуң деп бөлүнбөө керек... Бул достукка доо кетирүүгө аракет кылгандарды жазалайбыз. Провокацияга алдырбагыла. Катышуучулар буга чейин милиция бөлүмүнө алынып келинген. Ким мыйзамды бузса, мыйзам алдында жооп берет», - деп белгиледи УКМКнын башчысы.


Эске салсак, Ош облусунун “Төлөйкөн” ипподромунда “Достук” жана “Ынтымак” командаларынын көк бөрү боюнча президенттик кубогунун финалы жаңжал менен аяктаган. Анын кесепетинен 100дөн ашуун адам жаракат алган.



Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн