Бугу 09, 2024
Убакыт: 17:12
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Камчыбек Ташиев: Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат

11.11.2021 09:50
757
Камчыбек Ташиев: Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат

Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Кара-Көл шаарында УКМК кызматкерлери үчүн салынган жаңы имараттын ачылыш аземинде билдирди.


"Биздеги маалыматтарга караганда, айрым талапкерлер шайлоого аз калганда добуштарды сатып алууну көздөп жатат. Шайлоого бир жума калгандан тартып, УКМКнын кызматкерлери уктабай, күнү-түнү көзөмөл кылуулары керек. Добуш сатып алуу фактысына көңүл бурбай койгон кызматкерлер жазага тартылат.


Сагызгандай шакылдаган талапкерлер тилинин азабын тартат. Алар ар бир сөзүнө жооп берет. Мамлекет аларга эл менен жолугушуп, программаларын тааныштыруусуна шарт түзүп берип жатса, алар мамлекет башчыны жана башка кызматкерлерди каралаган жалган маалыматтарды таратууда",- деди Ташиев.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн