Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 17:33
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев Сузак районунда жаңы мектептин ачылыш аземине катышты

27.08.2022 15:30
464
Камчыбек Ташиев Сузак районунда жаңы мектептин ачылыш аземине катышты


Сузак районуна караштуу Боз-Чычкан айылынын окуучулары жаңы окуу жылында заманбап үлгүдөгү мектепте билим алышат.


Бүгүн, 27-августа №85 "Ынтымак" орто мектебинин курулушу аяктап, пайдаланууга берилди. Мектептин ачылышына КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, «Ас -Санабил» кайрымдуулук фондунун президенти Саид Баюми, Жогорку Кеңештин депутаты Жеңишбек Токторбаев, Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсатар Сыргабаев, жергиликтүү бийлик жетекчилери, айыл тургундары, мугалимдер жана окуучулар катышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка караганда, мектеп 225 орунга ылайыкташтырылып, билим алуудагы бардык шарттар түзүлгөн: спорт залы, жыйындар залы, китепкана, ашкана, дарылоо кабинети бар.

Билим уясын куруу маселеси айыл элинин суроо-талаптарынын негизинде Камчыбек Ташиевдин демилгеленген. Курулуш иштери жергиликтүү бийликтин көзөмөлү астында 2 жылда бүткөрүлгөн. Каражатты «Ас- Санабил» кайрымдуулук фонду бөлгөн. Мындан сырткары, өкмөттөн 2 млн сом имараттын ички жасалгасына жана мектептин айланасын көрктөндүрүүгө жумшалган.


"Ынтымак" орто мектебинде 28 мугалим 228 балага тарбия берип келет. Алар, буга чейин авариялык абалдагы мектепте билим алып келишкен. Имараттын курулуш иштери эки жылга созулгандыктан мектеп окуучулары жана мугалимдери бир жыл Барпы айыл өкмөтүнүн Т.Темирбаев орто мектебине көчүрүлгөн болчу.


Белгилей кетсек, Барпы айыл өкмөтүндө 12 мектеп, 6 бала бакча бар. Учурда анын төртөө авариялык абалда.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн