Чын курандын 25, 2024
Убакыт: 15:08
USD
88.90
89.70
EUR
94.80
95.80
RUB
0.950
0.975

Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды

01.04.2021 08:23
1763
Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы министрине жооп кайтарды

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Тажикстандын мурдагы министринин анын дарегине карата айтылган сөзүнө жооп кайтарды. Бул тууралуу Ташиев Фейсбуктагы өздүк баракчасына жазды.


Ташиев анын айткандарын төгүндөп,  өз элинин жана мамлекетинин кызыкчылыгын коргой турган айткан.


"Тажикстандын бир аксакал Хамрохон Зарифи мамлекеттер аралык чек ара маселеси боюнча мага нааразычылыгы боюнча жазган экен. Мен эмне кылдым? Мен өкмөттүк делегациянын башчысы катары Ворух анклавынын чечими боюнча сунуштарыбызды кесиптешим, урматтуу Саймумин Сатторовичке эки тараптын делегациясынын мүчөлөрүнүн катышуусунда тапшырдым, болду. Анан эмне үчүн Хамрохон аксакал өтө жаман жооп кайтарып, өзүнүн маданиятынын төмөндүгүн жана душмандык мамилесин көрсөтөт, же, менин өлкөмдүн кызыкчылыгын коргобогон алардын сунуштарына макул болбой койгондуктанбы? Кандай гана болбосун, мен бардыгын жакынкы коңшубуз Тажикстан элине достук мамиледе болууга чакырам, ар кандай провокацияларга алдырбоону суранам, Кудай буюрса, баары жакшы болот!",- деп билдирүү калтырган Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн