Түркиядан учкучсуз учуучу аппараттарды сатып алабыз. Мындай пикирин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев зоотолгон аскердик техникаларды чек ара кызматынын кызматкерлерине берүү аземинде билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстан өзүнүн бюджети менен аскердик техника сатып алууга мүмкүнчүлүгү жетет.
"Биз Түркия менен келишим түзүп, учкучсуз учуучу Bayraktar TB2 аппараттын сатып алабыз. Мындан сырткары, Россиядан ошондой эле аппараттарды сатып алууну пландап жатабыз. Булардын баары өзүбүздүн бюджеттин эсебинен алынат",- деди Ташиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн