УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев кезектеги аскердик генерал-лейтенант наамын алды. Бул тууралуу "Kaktus.media" сайтына күч түзүмдөрүндөгү булактары билдирген.
Ички иштер министри Уланбек Ниязбековго милициянын генерал-майору наамы берилди.
УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын директору Бекбосун Апсатаров генерал-майор наамын алды.
Ошондой эле Жазаларды аткаруу боюнча мамлекеттик комиссиянын төрагасы Аскат Эгембердиевге да генерал-майор чини ыйгарылган.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн