Бугу 18, 2024
Убакыт: 23:15
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ооруканасынын абалы менен таанышты

04.09.2022 09:26
380
Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ооруканасынын абалы менен таанышты

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн Жалал-Абад облусундагы бир катар социалдык объектилердин абалы менен таанышып, буга чейин коюлган талаптардын аткарылышына көз салды. Элдин жашоо шартын жакшыртуу үчүн зарыл болгон инфраструктураны камсыз кылуу аракеттерин жеке көзөмөлүнө алганын дагы бир ирет белгиледи. Алгач Камчыбек Ташиев Жалал-Абад облустук ооруканасындагы абал менен жеринен таанышты. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.



Маалыматка ылайык, Жалал-Абад облустук ооруканасынын үч бөлүмүн куруу үчүн кийинки жылдан тартып каражат бөлүнөт. Бул тууралуу Камчыбек Ташиев облустук оорукананын абалы менен таанышып жатканда айтты. Келээрки жылы курулуш иштери башталаарын белгиледи. 


Жалал-Абад облустук ооруканасында 20дан ашык бөлүмдөр бар. Бирок алардын арасында терапия, неврология жана жасалма бөйрөк бөлүмүнүн имараттарынын эскилиги жеткен. Имараттардын долбоору түзүлүп, ага ылайык 300 млн сомго жакын каражат керектелээри аныкталган. 


Бул жумуштук процесстерде Жогорку Кеңештин депутаты Женишбек Токторбаев да болду.


Камчыбек Ташиев Жалал-Абад областтык кургак учукка каршы күрөшүү борборунан да кабар алды. Борбордун эмгек жамааты менен жолугуп, жумуштун жүрүшү менен таанышып, жаңы имаратты куруу пландалып жатканын айтты. 

1948-жылы түптөлгөн борборго акыркы 50 жылдан бери жаңы имарат салынбаган болчу. 


Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Камчыбек Ташиев жергиликтуу бийликтин өкүлдөрүн жана тийиштуу мамлекеттик мекемелердин жетекчилерине жеринде тапшырмаларды берип, алардын аткарылышын толук кандуу камсыз кылууну талап кылды. Медицина мекемелеринен сырткары, аймактагы жол көйгөйлөрү, жаңы жолдорду куруу, эскилерин жаңылоо багытындагы маселелерди тез арада чечүү талабын койду.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн