Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев дарылануусун уланууда. Бул тууралуу Камчыбек Ташиевдин тарапташтары социалдык тармактар аркылуу билдирди.
Белгилей кетсек, Камчыбек Ташиев жаңы жылдан кийин пневмония менен ооруп, ооруканага жаткырылган.
Казакстандагы абалга байланыштуу УКМКнын төрагасы кыргыз аскерлерин ЖККУнун алкагында Казакстанга киргизүү боюнча жоопкерчиликти алып, аны аткарууга киришкен.
Казакстанда абал турукташып, кыргыз аскерлери өлкөбүзгө кайтары белгилүү болгондон кийин УКМКнын төрагасы дарылануусун улантууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн