Бугу 20, 2024
Убакыт: 13:28
USD
88.20
89.10
EUR
95.60
96.60
RUB
0.960
0.980

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан жаракат алган Шоира Жулдибоева менен жолугушту

06.06.2023 14:34
289
Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасында болгон окуядан жаракат алган Шоира Жулдибоева менен жолугушту


Бүгүн, 6-июнунда, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – УКМК төрагасы, генерал-лейтенант К.К.Ташиев 2022-жылдын сентябрь айында кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышуу учурунда жол кырсыгынан алган жаракатынан улам майып болуп калышкан (автоунаада 24 адам болгон, алардын 12си алган жаракаттан улам каза болгон, анын ичинде жолдошу Абдыганы Мамиров, уулу Абдырашидов Максатбек жана кызы Сумай Абдырашитова да болгон) Баткен облусунун тургуну, 3 баласы менен дарыланып жаткан Жулдибоева Шоира Тухтаевна менен жеке жолугушуу өткөрдү.


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, дарыгерлердин сунушу менен Ш.Жулдибоева жана анын кыздары Бишкектен дарылануусу зарыл, ал эми балдар психологиялык жактан жабыркап, Баткен облусуна үйлөрүнө кайтып баргылары келбейт.


Өз кезегинде К.К.Ташиев Бишкек шаарынан жеке турак-жай алууга көмөк көрсөтүүгө убада берип, дарыланууга материалдык жардам көрсөттү.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн