Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 16:39
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.900
0.940

Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга эмне себеп болгонун айтты

03.06.2022 23:01
1128
Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалга эмне себеп болгонун айтты

Баткенде Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ок атышуусу жайлоо талашуудан улам чыккан. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев журналисттерге билдирди.


"Азыркы учурда чек арада абал туруктуу. Башка жерлердеги чек араларда бардык жоокерлер өздөрүнүн кызматтарын аткарып жатышат. Сүйлөшүүлөр болду. Ошол жерде бир жайлоону талашып, жайлоо боюнча ушундай жаңжал чыккан. Аларда дагы, бизде дагы техникалар бар. Жаңжал болгон жер жайлоо болгондуктан аскер техникаларынын кириши оор болгон. Бирок кайсы бир деңгээлде ал жерге аскер техникаларын жакыныраак алып барганга мажбур болдук. Бардык техникалар артка кайтты, азыр эч кандай кооптонууга негиз жок", - деди Ташиев.


Эскерте кетсек, Баткен районундагы Булак-Башы айылында Тажикстандын чек арачылары мамлекеттик тилкеден мыйзамсыз өткөн. Алар кыргыз чек арачыларынын талаптарын аткаруудан баш тартып, ок чыгарып, миномёт колдонууга өтүшкөн.


Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн