4-январь күнү эртең менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев пневмония менен ооруканага түштү. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги өздүк булактарына таянып билдирди.
Маалыматка ылайык, Ташиев Республикалык жугуштуу оорулуулар ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Камчыбек Ташиевден коронавирусту аныктоо үчүн тест алынды. Анын жыйынтыгы эртең менен даяр болот.
Азыркы учурда УКМКнын төрагасынын абалы канааттандырарлык деп белгиленүүдө.
Пикирлер (10)