Кыргыз футбол биримдигинин президенти Камчыбек Ташиев КФБнын колдоосу менен тартылган "Чемпион" тасмасынын жабык көрсөтүүсүнө катышты.
Футбол биримдигинен билдиришкендей, тасманын максаты кыргыз футболунун келечегине үмүт жаратуу болуп саналат.
Сюжет боюнча тасма Ысык-Көлдүн жээгиндеги чакан айылда тартылган. Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмираттарынын беттешин көргөн айыл тургундарынын көңүлү калып, кыргыз футболунун келечегине ишеним жоголот. Бирок, ошол эле учурда КР президентинин жарлыгы менен балдар арасында футбол боюнча чемпионат уюштурулат.
Майыптыгы бар Актилек аттуу бала майыптуулугуна карабай өзүнүн футбол тууралуу кыялын ишке ашырып, командасынын жеңишке жетүү жолунда көптөгөн кыйынчылыктарды жеңет.
Тасманын режиссеру - Эрмек Казыбеков, продюсеры - Жыргалбек Кеней жана Болот Сагыналиев.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн