Чын курандын 09, 2025
Убакыт: 23:39
USD
87.30
87.80
EUR
96.00
97.00
RUB
1.000
1.040

Камчыбек Ташиев "Чубак ажы Жалилов" мечитин кайсы акчага салганын айтты

19.07.2021 09:27
1333
Камчыбек Ташиев "Чубак ажы Жалилов" мечитин кайсы акчага салганын айтты

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддагы Барпы айылында жаңы курулган "Чубак ажы Жалилов" мечитине кеткен каражат тууралуу айтып берди.


Анын айтымында, мечитке кеткен каражат Ташиев жана анын бир туугандары тарабынан каржыланды.


"Бул мечит улуу аалымдын атына арналган мечит. Эртең адамдар Ташиев бул мечитти кайсы акчага курду деп чыгат.

Азыр айтып коёюн бул мечит эки жылдан бери курулуп келе жатат. Менин 11 бир тууганым бар мына ошолор менен кеңешип алар да жардам берип, бүгүн мечит ачылып жатат.

Мечитке кеткен каражат адал эмгек, таза тер менен табылган акча",- деди Ташиев.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн