Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев алдыдагы шайлоону таза өткөрүүгө чакырды. Бул тууралуу ал маалымат жыйында билдирди.
"Буга чейин шайлоо таза өтпөгөндүгү үчүн жыйынтыгы жокко чыгарылган.
Алдыдагы шайлоону таза, адилеттүү өткөрүү керек. Мыйзам бузууларга жана добуш сатып алууларга жол бербөө керек. Сиздерден дагы суранам шайлоону туура чагылдырып бериңиздер",- деди Ташиев журналисттерге кайрылып.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн