Аяк оона 20, 2024
Убакыт: 12:33
USD
84.20
84.70
EUR
93.50
94.50
RUB
0.890
0.940

Камчыбек Ташиев Өзгөндө УКМКнын имаратынын ачылышына катышты

19.11.2021 14:28
730
Камчыбек Ташиев Өзгөндө УКМКнын имаратынын ачылышына катышты


Бүгүн, 2021-жылдын 19-ноябрында УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкармалыгынын Өзгөн райондук бөлүмчөсүнө жаңы имарат курулуп, пайдаланууга берилди. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


Курулган имаратта кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар толук камсыздалган. Иштөө шарттары да талапка жооп берет.  


 Жаңы имараттын ачылышына КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышты. 


Аземде генерал-лейтенант К.Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде, өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптарга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.


Алдыда дагы атайын кызматтын аймактардагы бөлүмдөрүнүн материалдык-техникалык базаларын жаңылоо, чыңдоо иштери улантылаары белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн