Чын курандын 26, 2024
Убакыт: 13:03
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.980

Камчыбек Ташиевдин кызматы "дос-секретарь" деп аталат, - Өмүрбек Текебаев

16.10.2020 11:31
1007
Камчыбек Ташиевдин кызматы "дос-секретарь" деп аталат, - Өмүрбек Текебаев


Камчыбек Ташиев досун бир гана түрмөдөн алып чыкпастан, аны Олимпке чейин жеткирди. Бул тууралуу бүгүн, 16-октябрда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп жаткан Жогорку Кеңештин кезексиз жыйынында Өмүрбек Текебаев билдирди. 


Анын айтымында, коомчулукта Садыр Жапаровду коштоп жүргөн Камчыбек Ташиев кандай кызматты аркалайт деген сөздөр айтылууда. 


"Мурда госсекретарь [мамлекеттик катчы] деген кызмат болгон. Ал эми Камчыбек Ташиевдин кызматы– "дос-секретарь" деп аталат. Мамлекеттик катчыны кызматынан бошотуп, алмаштырып койсо болот. Ал эми «дос-секретарды» алмаштырууга болбойт", -  деди Өмүрбек Текебаев. 

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн