Бугу 14, 2024
Убакыт: 07:30
USD
88.50
89.40
EUR
94.90
95.90
RUB
0.950
0.970

Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы тынчтык жолу менен чечилди

15.09.2022 16:15
404
Камчыбек Ташиевдин кызматтык унаасы катышкан жол кырсыгы тынчтык жолу менен чечилди

 Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Камчыбек Ташиевге таандык Land Cruiser 300 кызматтык унаасынын катышуусундагы жол кырсыгы боюнча түшүндүрмө берди.


Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, окуянын чоо-жайын тактоо учурунда Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу “Манас” аэропортунан Бишкекке келе жатканы белгилүү болду. Трассада Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаа Бишкек шаарынын тургунунун скутерин жөөлөп кеткен.


Окуянын катышуучулары бул жол кырсыгын тынчтык жолу менен чечишти.


Белгиленгендей, жабыркагандар болгон жок. Медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, скутердин айдоочусунун абалы канааттандырарлык, бир аз жеңил жаракаттар ​​бар. Ошол эле учурда скутердин айдоочусу өзү буга чейин социалдык тармакта Land Cruiser 300 үлгүсүндөгү унаанын айдоочусуна дооматы жок экенин билдирди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн