Жалал-Абад шаардык кеңешинин депутаты Тай-Мурас Ташиев депутаттык мандатын тапшыруу боюнча арыз жазды. Бул жергиликтүү басылмалар билдирди..
Анын айтымында, шаардык аймактык шайлоо комиссиясына кечээ, 4-октябрда арыз берген.
«Ооба мандатымды тапшыруу боюнча арыз жазгам. Себебин айтпай эле коёюн», - деди ал.
Депутат Жогорку Кеңешке баруу планы жок экенин кошумчалады.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн