Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 15:26
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Камчыбек Ташиевдин уулу "Барселона" клубуна өттү

12.05.2022 10:13
1095
Камчыбек Ташиевдин уулу "Барселона" клубуна өттү

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Эмир Хан Кыдыршаев расмий түрдө жаштар командасынын курамында дүйнөгө белгилүү "F.C. BARCELONA" клубунда машыга баштады. Бул тууралуу Кыргыз футбол союзу билдирди.


"Кыргызстандык жаш футболчу өзүнүн эмгегинин жана каалоосунун аркасында "F.C. BARCELONA" футбол клубунун чоң үй-бүлөсүнүн мүчөсү боло алгандыгыны, ондогон жана жүздөгөн жаш спортчулар үчүн өз мекенинде жана анын чегинен тышкары спорттогу бийиктиктерди багындырууга түрткү боло алат",- деп айтылат союздун куттуктоосунда.


Буга чейин жаш футболчу Италияда "Паоло Росси"  академиясында машыккан.


Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Зупаров Учкун Курбаналиевич.
Ассалому алейкум Эмир Хан Кыдыршаев мен сага Месси Роналдолорго окшогон кучтуу футболист болушунду каалаймын.Кыргызстандык Эмир Хан гол урдууууу дегенли уккум келет жана каалаймын чын журоктон.