Бугу 12, 2024
Убакыт: 05:15
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Камчыбек Ташиевге каршы кимдер күрөш жүргүзүп жатат?

10.03.2021 09:43
3072
Камчыбек Ташиевге каршы кимдер күрөш жүргүзүп жатат?

Коррупция менен күрөшүү көшөгө артындагы ар кандай оюндардын өөрчүшүнө алып келет. Коррупцияга каршы күрөш жарыялаган адам андай оюндардын бутасына айланат. Мындай пикирин мурдагы башпрокурор Элмурза Сатыбалдиев "Саясат. kg" маалымат порталына билдирди.


Эске салсак, соцтармактарга УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин үстүнөн президентке даттанма-кайрылуу жарыяланган. Анда өздөрүн атайын кызматтын кызматкерлери катары көрсөткөн белгисиз бирөөлөр Ташиевди кызматтан алуу сунушун жолдошкон.


"Камчыбек Ташиев илинчеги жок, элдин алдында таза, мамлекеттин мүлкүнө эч убакта кол салбаган аз сандагы саясатчылардын бири. Ушундан эле анын патриоттуулугун, мекенине берилген инсан экенин билүүгө болот. Коррупцияга каршы күрөштү так ушундай таза адамдар аткара алышат. Алардын корко турганы жок, башканын уурулугун ачам деп, өзүмдүкү кошо ачылып калбасын деп чоочулашпайт. Ошондуктан, нечен жыл бою мамлекеттин байлыгын каалагандай калчап, жеке капчыгы менен элдин капчыгын аралаштырып алгандарга Ташиевдин УКМКнын башчылыгына келиши чоң трагедияга айланды. Анын үстүнө бул жигит айтканын аткарган көк жал, коррупциянын тамырын кыям дегенден кийин эч нерсеге карабайт, айтканын аягына чейин аткарат. А бул коррупцияга баткандардын түн уйкусун бузуп жатат. Анан Ташиевге каршы күрөшкө чыгышып, ыгы келсе - келбесе да жаман көрсөтүп, ээлеген кызматынан бошотуу башкы максаттарына айланганын баамдоого болот. Бул күтүлүп жаткан эле нерсе болчу, коррупционерлер жөн жеңилип беришпейт, коррупция менен күрөшүүнүн жүрүшүн ар кандай оюндар коштойт. Башкысы, азыр Ташиевге карата чабуулдарга туруштук берип, коррупционерлердин эмес, аларга күрөш жарыялаган таза адамдын пайдасына жыйынтык чыгаруу керек", - деди Элмурза Сатыбалдиев.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Алай
Курош тандалма журуп атат автор.Келише алса бошонып атат.Шоу бут баары.Аз кундо ел тажайт спектаклдерлен
Динара Сарбашева
Шоуну али короэлексинер, Ташиевди билбегендер суйлой беришет.