Канат Хасанов «Чоң Казат» кыймылынын
катарынан чыкканы тууралуу айтылып жаткан маалымат боюнча өзүнүн Фейсбуктагы
баракчасы аркылуу түшүндүрмө берди.
«Мен ден соолугума байланыштуу убактылуу «Чоң Казат» кыймылынын лидерлигинен кетип, башкарууну Бекке тапшырдым. Бирок, мен бирикмеден кеткен жокмун, мурдагыдай эле партиянын курамындамын жана ден соолугумду чыңдагандан кийин партиянын түзүлүшүнө жана Жогорку Кеңешке шайлоого даярдык көрүүгө киришем», - деп жазган ал.
Эске салсак, буга чейин Фейсбукта Хасанов «Чоң Казатта»
мындан ары жок экени тууралуу комментарий жазган.
Пикирлер (1)