Чын курандын 10, 2025
Убакыт: 13:12:22
USD
87.40
87.80
EUR
95.90
96.90
RUB
1.015
1.050

Канат Хасанов президенттен адвокаттар менен да жолугушуусун суранды

22.07.2020 18:30
1323
Канат Хасанов президенттен адвокаттар менен да жолугушуусун суранды

 

“Чоң Казат” кыймылынын лидерлеринин бири Канат Хасанов президент Сооронбай Жээнбековдон адвокаттар менен жолугушуу өткөрүүсүн суранды. Мындай кайрылууну ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу жолдоду.


“Урматтуу президент! Практик адвокаттар менен дагы жолугушуу өткөрүңүз, анткени бизди уксаңыз сиз үчүн абдан кызыктуу болот. Тергөө органдары тарабынан кандай мыйзам бузуулар орун орун алып жатканын жана прокуратура, соттор өз ишине кандай шалаакылык кылып жаткандарын көрсөтүп берет элек. Көрүп, билип туруп кылмышка жол берүүсү менен ири суммадагы жоготуулар болуп жатат, бул каражаттар бюджеттин ордун толтуруу үчүн абдан маанилүү, - деп жазды Хасанов.


Ошондой эле ал президент эмне үчүн эле сот органдарына ишене берерине кызыкты.  

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн