Айрым маалымат каражаттары парламенттин конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитетинин төрагасы Канат Керезбеков кайда жоголду деп суроо салып, анын өлкө аймагынан чыгып кеткени тууралуу маалымат тараткан.
Биз ишенимдүү булактар аркылуу мындай кабарды тактадык. Чынында Канат Керезбекович чет өлкөлөрдүн биринде жакын адамдарынын ден соолугуна кам көрүп жүргөнү тастыкталды. Ал жакынкы аралыкта Кыргызстанга кайра кайтары, бул окуяда эч кандай саясат жок экени белгилүү болду.
Пикирлер (5)