Жалган курандын 29, 2024
Убакыт: 14:57
USD
89.40
89.87
EUR
96.20
97.20
RUB
0.960
0.985

Каныбек Иманалиев “Ноокат билимканасы” жатак-лицейине барды

03.05.2023 10:06
272
Каныбек Иманалиев  “Ноокат билимканасы” жатак-лицейине барды

Билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында “Ноокат билимканасы” жатак-лицейине барды.


Министр анда окуучулар менен кошо окутуучу курамдын жетишкендиктерине күбө болуп, лицейдин тажрыйбасын башка мектептерге да жайылтуу керектигин айтты.


“Ноокат билимканасы” жатак-лицейи 1989-жылы физика-математика илимдеринин кандидаты Өмүрзак Мамаюсуповдун демилгеси, жергиликтүү бийликтин, айыл тургандарынын жардамы менен атайын математикалык багыттагы лицей катары уюшулган.


Ушул күнгө чейин лицейди 1 миң 247 окуучу бүтүрүп, анын ичинен 159у “Алтын тамга” тестинен ийгиликтүү өтүп, артыкчылык аттестаты менен аяктаган. Дагы 32си алтын медаль жана экөө алтын сертификат алган. Ошондой эле билим уясы эки жолу президенттин мактоо баракчасына татыган.


Мындан сырткары жатак-лицейдин окуучулары предметтик олимпиада боюнча райондук, шаардык, республикалык баскычтарынын жеңүүчүлөрү жана эл аралык олимпиаданын катышуучулары болууга жетишкен.


2021-2022-окуу жылында бүтүрүүчүлөрү Жалпы республикалык тестке 100% катышып, орточо баллы 170, эң жогоркусу 214 болуу менен мыкты жыйынтык көрсөткөн.


Учурда лицейде 22 мугалим эмгектенип, анын ичинен 14 мугалим - “Эл агартуунун мыктысы” төш белгисинин ээлери.



   

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн