Чын курандын 20, 2024
Убакыт: 10:32
USD
89.00
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.945
0.970

Каныбек Иманалиев ЖОЖдорду санариптештирүүгө өтүүнү тапшырды

28.03.2023 10:19
175
Каныбек Иманалиев ЖОЖдорду санариптештирүүгө өтүүнү тапшырды

Санариптештирүү билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болушу керек. Бул тууралуу билим берүү жана илим министри Каныбек Иманалиев жогорку кесиптик билим берүү системасына биргелешкен сереп-анализ жыйынында билдирди.


Анын айтымына караганда, заманбап университет социалдык маселелерди кеминде 20 жыл мурун изилдеп, коомго туура багыт бериши керек. "Мисалы, университет окумуштуулары 2000-жылдары эле 12 жылдык окууну ар тараптуу талдап, илимий сунуштарды бериши керек болчу”, - деди министр.

Министрдин айтымында, заманбап жогорку окуу жайлар “инклюзивдүү” боло алганда гана туруктуу өнүгө аларын “Почему государства терпят неудачи” бестселлеринин авторлору Ажемоглу менен Робинсондун изилдөөлөрүндө далилденген. Ушул эле убакта “Экстрактивдүү” университеттер өз ресурстарын баалуулук алып келбеген иштерге жумшайт.

Жогорку окуу жайлардын жетекчилигине аталган илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары менен таанышуу жана иш жүзүндө колдонуу сунушталды.

“Заманбап университетте бардык процесттер 100% санарип платформада жүргүзүлөт. Мындан улам санариптештирүү билим берүү процессинин ажырагыс бөлүгү болушу керек. ЖОЖдор эми санариптик дүйнөгө ыңгайлашып, өз программаларына жана ресурстарына онлайн режиминде (синхрондуу жана асинхрондук) көбүрөөк мүмкүнчүлүк берет”, - деди министр.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн