Бугу 11, 2024
Убакыт: 17:11
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Каныбек Исаков миң жылдар бою изилденген күмбөздү кантип тапкан?

16.11.2020 16:59
801
Каныбек Исаков миң жылдар бою изилденген күмбөздү кантип тапкан?
Өзгөндө XI кылымда жашап өткөн түрк-ислам дүйнөсүнө белгилүү укукчу жана аалымы Ахмед аль Серахсинин күмбөзү мындан 8-9 жыл илгери табылып, атайын архитекторлордун эмгеги менен кайрадан чоң күмбөз болуп жаңыртылган. Буга
Каныбек Исаков
түздөн-түз аралашып, өзү демилге көтөргөнүн билебиз. Мени таң калтырганы, ошондо агай ислам дүйнөсүн, ошол аалымдын таржымалын өтө мыкты билгени болгон. Жүздөгөн жылдар бою изилденип келген бул күмбөз ОшМУда окуган студент кыздын жардамы менен белгилүү болуп, кийин түрк-кыргыз изилдөөчүлөрү таап, далилдеп чыгышкан.

“Ислам дүйнөсүндө эки улуу инсан болсо, анын бири - Ахмед Ясави, экинчиси, имам Серахси. Серахси Өзгөн шаарында жашап, жергиликтүү бийликтин туура эмес иштерине фетва (өкүм) чыгарганда зынданга ташташкан. Ал зынданда жатып, зындандын үстүндө турган шакирттерине оозеки кыйкырып айтып берип, 30 томдук эмгек жазган. Ал эмгектери ислам маданияты, укугу жөнүндө чечмелеп, анализдеген. Бүгүн Американын, башка өлкөлөрдүн адам укугу жөнүндө декларациялары жазылып турган учурда, ал киши ошол учурда бул маселеге кайрылган илимпоз. Түрк боордоштор Серахсинин күмбөзүн миң жылдар бою издеп келген. Бул күмбөз мындан беш жыл мурун студент кыздын жардамы менен белгилүү болуп, кийин түрк-кыргыз изилдөөчүлөрү таап чыгышты. "Имам-Ата" мазары Өзгөндө жайгашкан деген маалымат кийин такталган. Мына, азыр кайра бул жай жаңыртылыды деген эле.
"Өзгөн - бир эле Караханийлер мамлекетинин борбору болбостон, кезинде ислам маданиятынын, илим-билимдин да борбору болгонун айгинелеп турат. Демек, Серахсинин эмгегин окуган, баалаган миңдеген мусулмандар бул жерге келип зыярат кыла турган, керемет жайга айланып олтурат”,-деп кубанган агай.
Кийин Бишкектеги түрк өкмөтү каржылап курулган мечитке Ахмед аль Серахсинин ысымы берилди.

Айбек Абдылдаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн