Жетинин айы 22, 2024
Убакыт: 16:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.830
0.875

Каныбек Осмоналиевдин абакта кармалуу мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды

30.04.2020 08:58
971
Каныбек Осмоналиевдин абакта кармалуу мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды


Мурдагы депутат Каныбек Осмоналиевдин абакта кармалуу мөөнөтү 3-июлга чейин узартылды. Бул тууралуу ЖМКларга анын жактоочусу билдирген.  


Ал мындай чечимди Биринчи май райондук соту кабыл алганын айткан.  


“Каныбек Осмоналиев кармалгандан бери УКМКнын абагында олтурат, бүгүнкү күнгө чейин эч кандай иликтөө иштери жүргөн жок. Ага 2-мартта Ала-Тоо аянтында өткөн ынтымак митингинде баш аламандыкты уютурган жана бийликти күч менен басып алууга аракет кылган деп айып тагылууда. Конституцияда ар ким өз оюн эркин айтууга, сөз жана басылманын эркиндигине укуктуу экени көрсөтүлгөн. Ал акцияда элдер учурдагы бийликти сындаган болчу”, - деген Акин Токталиев.


Эске салсак, “Ала-Тоо” аянтында Садыр Жапаровду колдоо митингинде УКМК тарабынан мурдагы депутат Каныбек Осмоналиев, Сабыр Жапаров жана Амангелди Артыков кармалган. Алар 39 жана 309-берене (“Бийликти күч менен басып алуу аракети”) менен айыпталууда.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн