Бугу 17, 2024
Убакыт: 10:27
USD
88.30
89.20
EUR
95.50
96.50
RUB
0.960
0.980

Каныбек Осмоналиев жаңы кызматка дайындалды

10.02.2021 17:21
1181
Каныбек Осмоналиев жаңы кызматка дайындалды

Каныбек Осмоналиев маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин спорт тармагы боюнча коомдук башталыштагы кеңешчиси болуп дайындалды. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев 1980-жылы өткөн Олимпиада оюндарынын жеңүүчүсү, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону жана Европанын эки жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев менен жолугушту.

Жолугушууда өлкөдө спорт жана дене тарбияны өнүктүрүү, өсүп келе жаткан муунду социалдык жоопкерчиликтүү нукта тарбиялоо маселелери талкууланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн