Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 10:12
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Канышай Мамыркулова: Садыр Жапаровдо "кодура пиарщиктерге" муктаждык деле жок

22.01.2021 15:11
1142
Канышай Мамыркулова: Садыр Жапаровдо "кодура пиарщиктерге" муктаждык деле жок
Урматтуу Садыр Нургожоевич, көптөн бери сизге кайсы бир саясый топтун кызыкчылыгы үчүн каршы чыккандай маанай жаралды. Ошону эл алдында ачыктап койгонду туура көрдүм. Эптеп эле сиздин айланаңызга жетип, жан баккысы келгендер, түз сүйлөп, каталар кайталанбасын деген тараптар менен сиздин ортоңузга таза "чок" таштап бүтүштү. Башкаларды мисал кылып отурбайын. Ар кимдин өз чындыгы бар. Мисалы, жеке өзүм тууралуу эле айтсам, арык, белек бир тууган. Акыры менин да, сиздин бара турган жерибиз ыйык көл. Жеке сиз мени тааныбайсыз, мен сизди тааныбайм. Бирок, сиз абакта жатканда көпчүлүк катары колдодук. Ошол мезгилде ошондой болушу керек болчу. Андан бери саясый окуялар өзгөрдү. Кандай десек дагы эл башына "ишеним кредит" менен келдиңиз. Биз деле "көчөдө жүргөн чуулдактар" эмеспиз. Көп саясый окуялар көздөн өтүп келатат жана өлкөнүн өнүгүшүнө кайдыгер болушубуз мүмкүн эмес. Айрыкча, сиздин тушуңузда өзгөрүүгө багыт алса "менин абам жасаган" деп биз биринчи төш кагып калаарыбыз анык. Ошого жетиңиз.

Бирок, кептин баары бирокто....

"Көлбаев, Ташиев, Раим, тиги-булар бийликке таасир тийгизүүдө" деген сыяктуу өзүм тактап албаган маалыматтарды кошо жазып, бийиктен сүйлөп, өзүм жакшы тааныбаган тараптарды "жакалабай" тим турайын. Ал тарабын өзүңүз билсеңиз керек. Сергек АДАМСЫЗ.

Мен бүгүн кечээки инаугурацияга байланыштуу эле көптөн бери көкүрөктө келаткан пикирди ачыктап койсомбу дедим. Өзүңүз фейсбукта такай отурат экенсиз. Бирде болбосо, бирде окуп калаарсыз. Элдин пикири менен эсептешип, дароо реакция кылганыңыз эң жакшы. Эл ошону күткөн. Сиздин артыкчылык Шариповичтен айырмаланып, соц тармакта отурганыңыз болууда. Эл туурасын эле айтат. Ишенип турган коомчулук сизге жаманчылык каалабайт. Бирок, маселе, сиздин тегерегиңизге жүрөгүңүз түшчүдөн бетер, 4-5 топ болуп барып алган пиарчыларыңыз алыстан иштешеби же жакынданбы, акы алышабы же жокпу, айтор элдин жүрөгүн айлантып эле баратат. "Туз жала", "даканса" деген айрым карапайым жактоочулардыкын мисалы, жеке мен көтөрөм. Тамаша кылып койгонубуз менен коом ошого жетип калган жана учурда ызасын чыгарып жатат. Ал эми акыл-эстүү делген, билими бар, керек болсо иштеген иштери бар, бирок, максаты жок, акчасы бар айланаңыздагы "жапайы" пиарчыларыңызды мисалы мен көтөрө албайм. Керек болсо тобу менен көңтөрүп салсак, калабасы сизге эле тиет. Ар бирин өзүңүз жакшы тааныйсыз, биз деле жакшы тааныйбыз. Чурулдабай арыдан-бери иш алып барышсын. Чындап келгенде сиз аларга муктаж деле эмес экенсиз. Орфографиялык жана пунктуациялык жагдайларды гана эске алсаңыз фейсбукта өзүңүз отурганыңыз жандуу байланыш. Кошоматчылардын оош-кыйыш пикирин укканга караганда эң туура жол. Президенттин маалымат кызматы деген бар, жоюлуп кетпесе керек. Ошолор бир маалымат чыгарса эле сокур же дүлөй эмеспиз, ошондон маалымат алабыз. Берки "кодура пиарщиктерге" муктаждык деле жок. Эгер мыйзам чегинде, эл менен түз баарлашуу жана байланыш жагын чыңдап, өз деңгээлинде иш жүргүзүүгө бел байласаңыз, бул оюнчук эмес, өлкөнүн маалымат саясатын оңдой турган жагдайдагы олуттуу эле маселе. Ириде ушуну жолго койсоңуз мага окшогон тескери мүнөздөр деле кепке келебиз.

Саламым менен Канышай Мамыркулова....

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн