Бугу 09, 2024
Убакыт: 23:04
USD
88.50
89.40
EUR
94.80
95.80
RUB
0.955
0.975

Кантта белгисиз адамдар "Балыкчы - Бишкек" каттамындагы поезддин айнектерин талкалап кетишти

02.08.2023 12:29
260
Кантта белгисиз адамдар "Балыкчы - Бишкек" каттамындагы поезддин айнектерин талкалап кетишти


Кечээ, 1-августта саат 21:18де "Балыкчы-Бишкек" каттамында Дмитриевка - Кант станциясында белгисиз адамдар вагондордун айнектерин талкалап кетишкен. Бул тууралуу "Кыргыз темир жолунан" билдиришти.

Маалыматка ылайык, VIP , "Люкс" вагондордун, жөнөкөй вагондун 9-купесинин терезелери сынып, башка вагондун жумушчу тарабындагы тамбурдун терезеси талкаланган. Бул жүргүнчүлөргө жана туристтерге ыңгайсыздык гана жаратпастан, алардын коопсуздугуна да коркунуч келтирди.

"Кыргыз темир жолу" мамлекеттик ишканасынын кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында окуя болгон жердеги сынган терезелер убактылуу скотч менен жабылып, поезд өз жолун уланткан. Бирок, мындай окуялар олуттуу кесепеттерге алып келип, жүргүнчүлөр, туристтер жана коштоочулар үчүн кооптуу жагдайларды жаратышы мүмкүн.

"Поезд жолунун боюнда жашаган жергиликтүү тургундардан тартипти жана жоопкерчиликти бекем сактоосун өтүнөбүз. Сураныч, поезддин жүргүнчүлөрү үчүн кооптуу жагдайларды жаратпоону жана поезд байланышынын бардык коопсуздугун чогуу сактоого чакырабыз", - деп айтылат маалыматта.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн