Жетинин айы 24, 2024
Убакыт: 16:49
USD
86.55
87.05
EUR
89.80
90.80
RUB
0.835
0.875

Капиталы 50 млн доллар. Президент Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун ратификациялады

18.08.2021 10:31
1318
Капиталы 50 млн доллар. Президент Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун ратификациялады

Кыргыз Республикасынын президенти Садыр Жапаров «2021-жылдын 11-мартында Ташкент шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Өзбекстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты.


Маалыматка ылайык, бул мыйзамдын негизги максаты Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондун түзүү жөнүндө Кыргызстан Өкмөтү менен Өзбекстан Өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууну ратификациялоо боюнча мамлекет ичиндеги процедураларды өткөрүү болуп саналат.


Фонд Кыргызстандын экономикасынын приоритеттүү тармактарында өзүн өзү актаган долбоорлорду зайым берүү, капиталына катышуу жана башка финансы инструменттерин пайдалануу менен Кыргызстандын аймагында катталып жана ишмердүүлүгүн жүргүзгөн чарба субьектилерине каржылоо жүргүзөт. Буга байланыштуу, Кыргызстан менен Өзбекстандын экономикалык кызматташтыгы, экономиканы модернизациялоо жана өнүктүрүү, эки тараптуу кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүн натыйжалуу пайдалануу пландалууда.


Фонд Уставдык капиталы 50 млн АКШ доллары менен болуп, ал Өзбекстан тарабынан салынып, кийинчерээк уставдык капиталы 200 млн АКШ долларына чейин жеткирилген эл аралык уюм болот.

Пикирлер (1)

Коопсуздук коду
Бектурганова Гулькайыр
Кызматташууга кошулам жана оз алдынча иш жургузом Даяр бизнес бар