Чын курандын 27, 2024
Убакыт: 09:44
USD
88.90
89.70
EUR
95.00
96.00
RUB
0.955
0.972

Каптагаев: Кумтөр боюнча чечимдердин кабыл алынышы Садыр Жапаровдун эрки

17.09.2021 11:11
3277
Каптагаев: Кумтөр боюнча чечимдердин кабыл алынышы Садыр Жапаровдун эрки

Кумтөр жарасынын оозу ачылып, өлкөбүздүн кызыкчылыктарын калыбына келтирүүгө карай жасалып жаткан далалаттарды жалпы эл колдоп жатат... аягы жакшы бүтөт, алтын кени эл үчүн иштейт деген үмүт чоң... Бул маселеге батыл киришип, чукул чечимдердин кабыл алынышы Президент Садыр Жапаровдун эрдиги десек туура болот. Анткени бул маселеге батынып кол салууга жүрөк дагы, эрк дагы керек болчу. Бир гана өтө маанилүү, көңүл бурулуучу жагдай - бул иште "ала койду бөлө кырккандай" болбой, Кумтөр аферасына тиешеси барлардын бардыгы жоопко тартылуусу зарыл... түзүлгөн кырдаалга же саясий кызыкчылыктарга карата эмес, жасаган ишине, кылган кылмышына жараша жаза болуп, маселеге биратоло чекит коюлганы туура болот.


Эмилбек Каптагаев

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн