Талас облусунун Кара-Буура районунда 50 орундуу күндүзгү амбулатордук стационар ачылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, ӨКМдин Талас облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Буура райондук Өрткө каршы куткаруу бөлүмү, жергиликтүү бийлик менен биргеликте Кызыл-Адыр айылынын М.Орозбеков орто мектебине 50 орундуу күндүзгү амбулатордук стационар ачылды.
Учурда бул иш-аракеттер ӨКМ тарабынан өлкөнүн бардык аймактарында улантылууда.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн