Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында 64 жаштагы тургун көп кабаттуу үйлөрдүн биринин терезесинен кулап каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкармалыгынан тастыкташты.
Маалыматка ылайык, окуя 2-июнда болжол менен түнкү саат 01:30 чамасында болгон. Анда 64 жаштагы Ш.К. аттуу тургун 2-кабаттагы терезе аркылуу үйгө кирүүгө аракет жасап жатканда тайып кеткен.
Ал оорукананын жандандыруу бөлүмүнө эс-учун жоготкон абалда түшүп, бирок алган жаракаттарынан улам каза болгон.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн