Бугу 12, 2024
Убакыт: 03:35
USD
88.50
89.40
EUR
95.00
96.00
RUB
0.950
0.970

Кара-Көлдө УКМК кызматкерлери жаңы курулган имаратка көчүрүлдү

10.11.2021 17:08
539
Кара-Көлдө УКМК кызматкерлери жаңы курулган имаратка көчүрүлдү

УКМКнын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.


УКМКнын Жалал-Абад облустук башкармалыгынын Кара-Көл шаардык бөлүмчөсү үчүн жаңы имарат курулду. Анда кызматкерлер үчүн зарыл болгон бардык заманбап техникалык жабдыктар жана шарттары бар. Эс алуу бөлмөсү, мончо, атайын унаа токтоочу жайлары да каралган. 


 Жаңы имараттын ачылышына КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, атайын кызматтын жергиликтүү башкармалыктарынын башчылары өздүк курамы менен, ардагерлер жана Кара-Көл шаардык бийлик өкүлдөрү катышты. 


Аземде генерал-лейтенант К. Ташиев сөз сүйлөп, зарыл болгон учурларга токтолду. Анын ичинде өлкөдө жүрүп жаткан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо өнөктүгү, андагы мыйзамдуулуктун сакталышы, бардык тараптаррга бирдей мыйзамдуу шарттардын түзүлүшү жана мамлекеттик кызматкерлердин шайлоонун үгүт иштерине аралашпоосу зарылдыгы баса белгиленди.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн