Аяк оона 29, 2024
Убакыт: 14:24
USD
84.00
84.50
EUR
93.30
94.30
RUB
0.895
0.940

Кара-Көлдө бензовоздун айдоочусун өлтүрүп кетишти. Көп узабай шектүү аял кармалды

12.10.2020 12:09
693
Кара-Көлдө бензовоздун айдоочусун өлтүрүп кетишти. Көп узабай шектүү аял кармалды


Кара-Көл шаарынын милициясы киши өлтүрүү фактысынын бетин изин суутпай ачты. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди. 


Маалыматка караганда, 10-октябрь күнү саат 19:20 чамасында Кара-Көл ШИИБдин нөөмөт бөлүмүнө жергиликтүү тургун телефон чалып, Токтогул ГЭСине өтүүчү көпүрөгө жетпей бензин ташыган автоунаанын ичинде бир адамдын жансыз денеси жаткандыгын билдирген.


Аталган маалыматтын негизинде Кара-Көл ШИИБдин ыкчам-тергөө тобу окуя болгон жерге чыгып, күйүүчү май ташыган автоунаанын ичинде анын айдоочусу, Чүй облусунун 35 жаштагы Н.Б. аттуу тургунунун жансыз денеси жаткандыгы аныкталган.  


Окуя болгон жерден жансыз денеге сырттан кароо жүргүзүлүп, белгисиз кылмышкерлер тарабынан бычак сымал курч зат менен сайылгандыгы аныкталып, далил буюмдар чогултулган.


Бул окуя боюнча топтолгон материалдар Кара-Көл ШИИБдин КЖБРне Жазык кодексинин 130-беренеси (Киши  өлтүрүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. 


Кара-Көл ШИИБдин кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында, аталган кылмыштын изин суутпай шектүү катары Кара-Көл шаарынын тургуну 1983-жылы туулган  М.А. (аял киши) кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. 


Азыркы учурда сотко чейинки өндүрүш иши боюнча тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн