Бугу 18, 2024
Убакыт: 15:49
USD
88.20
89.10
EUR
95.40
96.40
RUB
0.960
0.975

Кара-Кулжа РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды

Кара-Кулжа РИИБнын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери пара менен кармалды


Кыргыз Республикасынын УКМК укук коргоо органдарындагы коррупцияга бөгөт коюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, 2022-жылдын 31-октябрынан 1-ноябрына караган түнү, КР ИИМ ички иликтөө кызматы менен биргеликте, козголгон кылмыш ишинин алкагында, кылмыш ишти оң жака чечип берем деп 120 000 сом талап кылган Ош облусунун ИИБнын Кара-Кулжа РИИБнин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн кызматкерлери А.у.А. жана А.Ж.А аттуу кызматкерлер 50 миң сом өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен кармалышты.


Басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, кармалгандар КР УКМК Ош шаардык жана Ош областтык башкы башкармалыгынын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди, ошондой эле кылмышка тиешеси бар башка адамдарды аныктоого багытталган ыкчам-иликтөө иш-чараларынын комплекси жүрүп жатат.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн