КРнын Президенти Садыр Жапаровдун жарлыгына ылайык, Кулубаев Дамир Садырбекович Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким болуп дайындалды. Буга чейин Кара-Кулжа районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы-акими болуп эмгектенген Аманкан Кенжебаев өз арызынын негизинде кызматын тапшырды.
Кулубаев Дамир Садырбековичтин өмүр баяны
Туулган күнү жана жери: 5-март, 1978-жыл Фрунзе шаары.
Билими: 2006-2009-жж. – Ош мамлекеттик юридикалык интитуту, юридика факультети, кесиби: юриспруденция: юрист.
1995-2000-жж. – Кыргыз агрардык академиясы, факультет: агроном адиси: агрономия, димломдолгон адиси (агроном)
Кошумча билими: КРнын Президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы.
Иш тажрыйбасы: 01.08.2020-ж. - КРнын финансы министрлигинин алдындагы бюджеттик кредиттерди башкаруу агенттигинин башкаруу адиси,
07.06.2017-01.03.2018-жж.. - Панфилов райондук мамлекеттик адиминистрациясынын башчысы-аким.
09.12.2015-07.06.2017-жж. - КРнын айыл чарба жана мелиорация министрлигинин стат катчысынын м.а., министрдин кеңешчиси.
04.11.2013-01.06.2015-жж.. - Панфилов райондук мамлекеттик адиминистрациясынын аппарат жетекчиси.
17.07.2013-04.11.2013-жж.. – Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы мамлекеттик ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча инспекциясынын башкы инспектору.
22.06.2012-02.02.2013-жж.. – КРнын жаштар, эмгек жана иш менен камсыз кылуу министрлигинин жетектөөчү адиси.
14.09.2010-20.10.2021-жж. – Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Панфилов райондук бөлүмүнүн башчысы.
18.01.2000-14.09.2009-жж.. – “Даймон Интернешнл Кыргызстан” ЖЧКнын сатып алуу менеджери, цех башчысы, менанын көзөмөлчүсү, тизме менеджери.
Класстык чиндер жана наамдар: Мамлекеттик кызматтын 3 класстагы кеңешчиси.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн