Чын курандын 19, 2024
Убакыт: 16:39
USD
89.10
89.87
EUR
94.30
95.30
RUB
0.940
0.960

Кара-Кулжада 80ден ашуун фильтрациондук посттор орнотулду (сүрөт)

15.04.2020 17:28
957
Кара-Кулжада 80ден ашуун фильтрациондук посттор орнотулду (сүрөт)

 

Ош облусунун Кара-Кулжа районунда 80ден ашуун фильтрациондук посттор орнотулду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдирди.


Маалыматка ылайык, жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнүн демилгеси менен 19 айылдын ичинде жергиликтүү тургундардан куралган 80ден ашуун фильтрациондук посттор орнотулган. Ал эми милиция кызматкерлери тарабынан кайтарыла турган, обсервациялык пункт алдын ала даярдалган.

 

Ошондой эле, Кара-Кулжа айылында жана Кашка-Жол айыл-өкмөтүнүн аймагында санитардык-карантиндик посттор орнотулуп, анда күнү-түнү милиция кызматкерлери, райондук ӨКМ, медициналык кызматчылар жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү кызмат өтөп жатканы айтылат.


Мындан сырткары, райондун борборунда коомдук коопсуздукту камсыздоо максатында жөө жана унаа менен кайгул кызматы уюштурулуп жатканы кабарланды.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн