Чын курандын 18, 2024
Убакыт: 23:14
USD
89.10
89.87
EUR
94.70
95.70
RUB
0.935
0.960

Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдоо митинги болуп өттү

01.06.2021 21:25
2793
Кара-Кулжада Асылбек Жээнбековду колдоо митинги болуп өттү


Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунда Жогорку Кеңештин депутаты Асылбек Жээнбековдун тарапташтары митингге чыгышты. Нааразылык акция 1-июнда кечки 18:00дө район борборунда болуп өттү. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Ош облустук ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев митингге жүздөн ашуун адам чыкканын кабарлады.

"Чогулгандардын негизги талабы Асылбек Жээнбековдун бөгөт чарасы каралып, анын үй камагына чыгаруу болду. Эгер бул талап аткарылбаса нааразылык акциясы Бишкек шаарында уланарын айтышты", - деди Аширбаев.

Митингди жергиликтүү милиция көзөмөлдөп турган. Акциянын катышуучулары талабын жогору бийликке жеткирүү үчүн аны кагаз түрүндө райондук адмнистрацияга тапшырышкан.

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн