Теке 03, 2024
Убакыт: 12:04
USD
85.90
86.80
EUR
92.00
93.00
RUB
0.960
1.000

Кара-Кулжада куткаруучулар селге аккан төртүнчү адамдын сөөгүн табышты

01.07.2024 13:35
85
Кара-Кулжада куткаруучулар селге аккан төртүнчү адамдын сөөгүн табышты


Кара-Кулжада куткаруучулар селге аккан төртүнчү адамдын сөөгүн табышты. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык күн мурун Кара-Кулжа районуда саат 22:15 чамасында Кара-Гуз айыл аймагында каттуу жааган жамгырдын кесепетинен Жетим-Дөбө айылынын Абышка-Оозу тилкесинде сел жүрүп, "Deo Матиз" үлгүсүндөгү унаасын сел агызып кеткен.

Унаанын ичинде 5 жаран болгон, бирөөсү жергиликтүү жарандар тарабынан куткарылып, калгандарын сел алып кеткен. Үч жарандын сөөгү буга чейин табылган болсо, азыркы саатка куткаруучулар төртүнчү жарандын сөөгүн табышты.

Жеринде ӨКМден 50 куткаруучу, ИИМден 40 кызматкер, тез жардам кызматынан жана жергиликтүү тургундардан 300дөй адам кечээтен бери издөө иштерин жүргүзүшкөн.

Теги

Пикирлер (0)

Коопсуздук коду

Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн