Кара-Суу райондук сотунун имаратынын курулушу токтотулду. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош региондук мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо башкармалыгы "Юг-стройсервис" ЖЧКга Кара-Суу райондук административдик сотунун имаратын курууда талаптарды бузгандыгы үчүн КР Укук бузуулар жөнүндөгү кодекстине ылайык 200 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Белгиленгендей, имараттын курулуш иштери токтотулду. Курулуш монтаж иштерин сапатсыз аткарыгандыктан атаган курулуш компаниянын лицензиясын токтотуу боюнча жана курулушту демонтаждоо боюнча иштер жүрүп жатат.
Пикирлер (0)
Пикир жок. Сиз биринчилерден болушуңуз мүмкүн